04 август 2025

Кароолор: 3

ОБЛУС БАШЧЫСЫ КӨП БАЛАЛУУ ЭНЕЛЕРДИ СЫЙЛАДЫ

Бүгүн, 4-августта ыйгарым укуктуу өкүл Нурбек Сатаров “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалын тапшырып, өкүлчүлүктүн чакан белектерин ыйгарды.

Жалпы Нарын облусу боюнча 105 эне “Баатыр эне” ордени жана 156 эне “Эне даңкы” медалы менен сыйланышты.

Бүгүнкү сыйлоо аземине ар бир райондон жана Нарын шаарынан 2 ден “Баатыр эне” ордени, 1 ден “Эне даңкы” медалы менен сыйлануучулар чакырылган.

Сыйлык алгандардын эң жашы 33 жашта болсо, эң улуусу 88 жашта.

Маалымат үчүн айтып өтсөк, Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы барууга кыйын зоналарында жашаган көп балалуу энелерди колдоо жана балдарды ар тараптан өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы�№ 370 Жарлыгы кабыл алынып, калктын демографиялык өсүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, 2026-жылдын 1-январынан тартып төрөгөн көп балалуу энелерге бир жолку "Бала Береке" төлөмү белгиленген. Ага ылайык, 4-балага 100 миң сом бериле турган болсо, 10-балага 2 млн сом берилет.