10 апрель 2026

Кароолор: 16

ОБЛУС БАШЧЫСЫ КЫТАЙДЫН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЭЛЧИСИН КАБЫЛ АЛДЫ

10-март күнү ыйгарым укуктуу өкүл Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Лю Цзянпинди кабыл алды.

Жолугушууда облус башчысы Нарын облусунда убактылуу иштеп жаткан Кытай жарандары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын так сактоосу зарылдыгын белгилеп, элчиликтен бул багытта түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү талап кылды.

Ошондой эле өкүл билим берүү, туризм жана инвестициялык кызматташуу маселелерин көтөрдү. Анын ичинде Кытайдын жогорку окуу жайларына нарындык абитуриенттерди кабыл алуу үчүн берилүүчү квоталарды көбөйтүү зарылдыгын билдирди.