28 январь 2026

Кароолор: 20

ОБЛУС БАШЧЫСЫ КЫТАЙДЫН КЫЗЫЛ-СУУ КЫРГЫЗ АВТОНОМИЯЛУУ ОБЛУСУНУН ИШКЕРЛЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Бүгүн ыйгарым укуктуу өкүл Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу кыргыз автономиялуу облусунан келген ишкерлер менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар айыл чарба, өнөр жай, туризм жана соода-логистика тармактарындагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Ошондой эле текстиль өндүрүшү, түтүк (труба) чыгаруу, машина соодасы, кийим-кечек өндүрүү жана жүндү кайра иштетүү багыттарында өз ара иш алып баруу маселелери каралды.

Андан соң чет элдик ишкерлер облустук ишкерлер менен өзүнчө жолугушуп, эки тараптуу байланыштарды түзүү, тажрыйба алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча суроо-жооп форматында пикир алышуу болду.