31 декабрь 2025

Кароолор: 18

ОБЛУС БАШЧЫСЫ МАЙРАМ КҮНҮ НӨӨМӨТКӨ ТУРГАН КЫЗМАТКЕРЛЕРДИ КУТТУКТАДЫ

Облус башчысы майрам күнү калкка үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүп жаткан бир катар мекемелерге барып, нөөмөттө иштеп жаткан кызматкерлерди Жаңы жылы менен куттуктады.

Ал Нарын облустук төрөт үйүндө эмгектенип жаткан медицина кызматкерлерине, өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрткө каршы куткаруучуларына, ички иштер органдарынын коомдук тартипти камсыздоочу кызматкерлерине, жылуулук менен камсыздоо жана Нарын шаардык электр тармактар ишканаларынын нөөмөттөгү адистерине майрамдык каалоо-тилектерин жолдоп, калктын коопсуздугу жана шаар тургундарынын ыңгайлуу жашоосу үчүн майрам күндөрүнө карабай жоопкерчилик менен кызмат өтөп жаткан эмгегин жогору баалап, ыраазычылыгын билдирди.