24 март 2026

Кароолор: 13

ОБЛУС БАШЧЫСЫ “НАМЫС” КӨК БӨРҮ КОМАНДАСЫН СЫЙЛАДЫ

24-март күнү облус башчысы «Намыс» көк бөрү командасын кабыл алып, алардын соңку спорттук жетишкендиктерин жогору баалап, ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө командага өкүлчүлүктүн атынан акчалай сыйлык, медаль жана Ардак грамоталар тапшырылды.

Облус башчысы “Намыс” командасынын көрсөткөн жогорку деңгээлдеги оюнун баса белгилеп, алардын мындан аркы ийгиликтерине ишеним артып, алдыңкы мелдештерде да бийик көрсөткүчтөргө жетишүүсүн каалады.