02 сентябрь 2025

Кароолор: 5

ОБЛУС БАШЧЫСЫ НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАНА НАРЫН РАЙОНУНУН ТУРГУНДАРЫ МЕНЕН ЖОЛУКТУ

Бүгүн, 2-сентябрда ыйгарым укуктуу өкүл Нурбек Сатаров тиешелүү кызмат жетекчилери менен Нарын шаарынын жана Нарын районунун тургундары менен жолукту.

Алгач облус башчысы аткарылып жаткан иштер жөнүндө маалымат берип, учурда облус аймагында курулуш иштери көп экендигин баса белгилеп, жергиликтүү тургундардан колдоону суранды.

Жарандар аткарылчу иштерди толук колдошоорун билдиришип, өлкө башчыларына терең ыраазычылыктарын билдиришти.

Андан соң ар кандай багыттагы суроолорун беришип, көйгөйлөрүн айтышты. Облус жетекчиси ар бир суроого жооп берип, көтөрүлгөн маселелерди чечүү боюнча тапшырмаларды берди.