16 июль 2025
Кароолор: 8
ОБЛУС БАШЧЫСЫ НУРБЕК САТАРОВ АК-ТАЛААНЫН ЖАҢЫ АКИМИН ЭМГЕК ЖАМААТЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫРДЫ

Бүгүн, 16-июлда облус башчысы Нурбек Сатаров Ак-Талаа районуна жаңы аким болуп келген Мирлан Камчыбековду жалпы эмгек жамааты менен тааныштырды.
Маалымат үчүн айтып өтсөк, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Камчыбеков Мирлан Мамырбекович Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ак-Талаа районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.