07 июль 2025
Кароолор: 4
ОБЛУС БАШЧЫСЫ ОНЛАЙН ЖЫЙЫНДА РАЙОН БАШЧЫЛАРЫНА БИР КАТАР ТАПШЫРМАЛАРДЫ БЕРДИ

Облус башчысы Нурбек Сатаров, 1-орун басары Руслан Сапарбеков жана орун басары Айдана Иманалиева болуп бүгүн 7-июлда район жетекчилери менен онлайн жыйын өттү.
Жыйындын алкагында ар бир жетекчиге жер жерлерге күз-кыш мезгилине даярдыктарды көрүү, корук маселеси, калкты жеңилдетилген күйүүчү май менен камсыз кылуу, жолдорду ирээтке келтирүү, тазалоо иштерин жүргүзүү сыяктуу бир катар тапшырмалар берилди.