05 август 2025

Кароолор: 15

ОБЛУС БАШЧЫСЫ РОССИЯЛЫК ДЕПУТАТ МЕНЕН КЫЗМАТТАШТЫКТЫ ТАЛКУУЛАДЫ

Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаты Анатолий Лисицын жана коомдук ишмер Накен Касиев менен жолугушту.

Жолугушуунун алкагында эки тараптуу кызматташтыкты арттыруу, социалдык-экономикалык долбоорлорду жүзөгө ашыруу жана аймактагы туризмди өнүктүрүү багытында пикир алмашышты.

Мындан сырткары, сүйлөшүүдө Нарын облусунун потенциалы жана инвесторлор менен байланыштарды кеңейтүү маселелери көтөрүлдү. Тараптар мындан ары да байланышты бекемдөө зарылдыгын белгилешип, кызматташуунун жаңы багыттарын талкуулашты.