08 июнь 2026

Кароолор: 13

ОБЛУС БАШЧЫСЫ ШААРДЫН, РАЙОНДОРДУН, АЙЫЛДАРДЫН КИРЕ БЕРИШТЕРИН ОҢДОО ЖАНА ЖОЛДОРДУ ЖАКШЫРТУУ БОЮНЧА ТАПШЫРМАЛАРДЫ БЕРДИ

8-июнь күнү ыйгарым укуктуу өкүл район акимдери, Нарын шаарынын мэри жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен онлайн жыйын өткөрдү.

Жыйында шаардын, райондордун жана айылдардын кире бериштерин ирээтке келтирүү, ошондой эле ички жана республикалык маанидеги жолдордун абалын жакшыртуу маселелери каралды. Облус башчысы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө бул багыттагы иштерди өз убагында жана сапаттуу аткаруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Онлайн жыйындан кийин облус башчысы Нарын районунун акими менен биргеликте айрым айылдардын ички жолдорунун абалы боюнча жеринде таанышып, көйгөйлүү тилкелерди талкуулады.