24 март 2026

Кароолор: 16

ОБЛУС БАШЧЫСЫ ЖАШ ДАРЫГЕРЛЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

24-март күнү ыйгарым укуктуу өкүл облустагы жаш дарыгерлер менен жолугушуп, алардын учурдагы иш шарттары, кесиптик көйгөйлөрү жана сунуш-пикирлерин угуп, талкуу жүргүздү.

Жолугушууда маалымдалгандай, бүгүнкү күндө облуста 39 ординатор жана дарыгерлердин депозиттик программасынын алкагында 31 дарыгер эмгектенүүдө. Бирок буга карабастан, аймакта 143 дарыгер жетишпей жатканы баса белгиленди.

Облус башчысы кадр маселесин чечүү аймактык саламаттыкты сактоо тармагы үчүн артыкчылыктуу багыт экенин белгилеп, жакынкы мезгилде жаш дарыгерлерди облуска тартуу жана аларга шарт түзүү боюнча комплекстүү иштер улантыларын маалымдады.