15 июль 2025

Кароолор: 10

ОБЛУС БАШЧЫСЫ ЖАШ СПОРТЧУЛАРДЫ КУТТУКТАДЫ

Бүгүн, 15-июлда ыйгарым укуктуу өкүл Нурбек Сатаров Азия чемпионатында жеңишке жеткен жаш спортчуларды машыктыруучулары менен кабыл алып, жаңы жеңиштерге дем берип, өкүлчүлүктүн Ардак громатасын жана белектерин ыйгарды.

________________________________

Кылычбекова Калича, 39 кг. чен салмакта 2-орунду камсыз кылып, күмүш медалынын ээси болгон. Ал 2011-жылы Жумгал районунун Чаек айылында төрөлгөн. Чаек айылындагы О.Ногойбаев атындагы орто мектебинин 6-классын бүтүрдү. Машыктыруучусу – Э.Момунбаев.

Нурбекова Арууке, 36 кг. чен салмакта 3-орунду камсыз кылып, коло медалынын ээси болгон. 2010-жылы Нарын шаарында төрөлгөн. Нарын шаарындагы № 10 Ж.Чолпонбаев атындагы орто мектебинин 7-классын аяктады. Машыктыруучусу – Ибраев

Болот.

———————————————————

Эске салсак, 2025-жылдын 5-7-июль күндөрү Бишкек шаарында өткөн 15 жашка чейинки спортчулар арасында күрөш боюнча Азия чемпионатында (U-15) Кыргызстан курама командасы жалпы 24 медаль жеңип алган. Алардын катарында Нарын жергесинен барып катышкан спортчуларыбыз бар экендигин сыймыктануу менен маалымдайбыз.