12 август 2025
Кароолор: 8
ОБЛУС БАШЧЫСЫНЫН 1-ОРУН БАСАРЫ Р. САПАРБЕКОВ НАРЫНДА ӨТКӨН УЛУТТУК КООПСУЗДУК БОЮНЧА КУРСТАРДЫН ЖАБЫЛЫШ АЗЕМИНЕ КАТЫШТЫ

12-август күнү Нарында райондук мамлекеттик администрацияларынын башчылары жана шаар мэрлери үчүн уюштурулган улуттук коопсуздукту камсыздоо багытындагы квалификацияны жогорулатуу курстары ийгиликтүү жыйынтыкталды. Жабылыш аземине облус башчысынын биринчи орун басары Руслан Сапарбеков катышып, мыкты көрсөткүч көрсөткөндөргө жана машыгууга салым кошкондорго ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын атынан белектерди ыйгарды.
Эске салып өтсөк, бул курстарга өлкөнүн бардык аймактарынан 60тан ашык жетекчилер катышып, аймактык коргонуу, мобилизациялык даярдык жана улуттук коопсуздук жаатында теориялык жана практикалык сабактарды өткөрүлдү.