22 декабрь 2025

Кароолор: 58

ОБЛУС БАШЧЫСЫНЫН БАЛДАРГА АРНАЛГАН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫ МАЙРАМЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

22-декабрь күнү ыйгарым укуктуу өкүлдүн демилгеси менен Жумгал жана Кочкор райондорунда Жаңы жылдык балаты майрамы өткөрүлдү. Иш-чарага облус башчысынын орун басары Айдана Иманалиева катышып, балдарды келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттуктап, өкүлдүн белектерин тапшырды.

Майрамдык салтанатка эки райондон жалпы 136 бала катышып, аларга концерттик программа жана көңүл ачуучу оюн-зооктор уюштурулду.