01 сентябрь 2025

Кароолор: 44

ОБЛУС БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ А.ИМАНАЛИЕВА БАУнин БИРИНЧИ КОҢГУРОО АЗЕМИНЕ КАТЫШТЫ

ОБЛУС БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ А.ИМАНАЛИЕВА БАУнин БИРИНЧИ КОҢГУРОО АЗЕМИНЕ КАТЫШТЫ

Бүгүн 1-сентябрь күнү облус башчысынын орун басары Айдана Иманалиева Борбордук Азия университетинде жаңы окуу жылынын башталышына арналган салтанаттуу аземге катышып, студенттерге жана мугалимдерге ийгилик каалады.

Аны менен катар Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн ардак грамотасы менен БАУнин коомчулук менен байланыштар боюнча өкүлү Акылбек Чымырбаевди сыйлады.

Мындан сырткары БАУнун тарых бөлүмүнүн доценти Амришо Лашкариев “Мыкты окутуучу” сыйлыгына ээ болуп, КИСБ банкынын Нарын бөлүмүнүн директору Алмаз Эсенбеков тарабынан атайын белекке ээ болду.

Учурда аталган окуу жайда 200дөн ашуун студент эки багыт боюнча билим алууда. Алардын 72 студентти Кыргызстандан болсо, 13 студент Нарын облусунан.