03 сентябрь 2025
Кароолор: 13
ОБЛУС БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ А.ИМАНАЛИЕВА МЕКТЕП, БАЛА БАКЧАЛАРДАГЫ КЕМЧИЛИКТЕРДИ ЖОЮУ ТАПШЫРМАСЫН БЕРДИ

3-сентябрь күнү облус башчысынын орун басары Айдана Иманалиева Нарын шаарындагы айрым мектеп, бала бакчаларында болуп, окуу жылынын башталышында окуучулардын жана бала бакчага барган балдардын сабакка катышуусун, тамак аш коопсуздугунун сакталышын, имараттарынын абалын карап чыкты.
Текшерүү учурунда, айрым балдар бакчасында тарбиячылар толугу менен медициналык кароодон өтө электиги такталды. Ошондой эле айрым мектептерде тендер аркылуу келүүчү азыктар кечиктирилип жатканы тастыкталды. Айдана Иманалиева бала бакча жетекчилигине бардык кызматкерлер 1 жума аралыгында толугу менен медициналык кароодон өткөрүү тапшырмасын берди.
Ал эми мектепте тендер аркылуу алынуучу азыктын кечеңдетилип жатканы боюнча тактоо жүргүзүүнү тапшырды. Мектеп, бала бакчалардын жетекчилиги балдардын толук келбей жатканына жол курулуп, алыс жактан келе тургандардын ата-энелери балдарынын коопсуздугуна кабатырланып жибербей жаткандарын билдиришти.