01 октябрь 2025

Кароолор: 7

ОБЛУС ЖЕТЕКЧИЛИГИ КАРЫЯЛАРДАН КАБАР АЛЫП, БЕЛЕКТЕРДИ ТАПШЫРДЫ

Бүгүн, 1-октябрь Карылар күнүнө карата ыйгарым укуктуу өкүл Нурбек Сатаровдун тапшырмасынын негизинде, облус башчысынын орун басарлары Р.Сапарбеков жана А.Иманалиева облустагы карыялардан кабар алып, 100 жаштан ашкан ата, апаларга майрамдык белектерди тапшырышты.

Маалымат ирээтинде айтып өтсөк, облус боюнча 70 жаштан жогору 8021 карыя болсо, алардын ичинен жүз жаштан ашкан 18 карыя бар.