11 май 2024

Кароолор: 372

Облус жетекчилиги Кочкор районундагы социалдык обьектилердин курулушунан кабар алууда

Нарын облусунун аймагында социалдык обьектилердин курулуштары кызуу жүрүп жатат.

Бүгүн, 11-майда КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров Кочкор районундагы бир катар социалдык обьектилердин курулуш ишинен кабар алды.

Тактап айтканда, Ормон-Хан айылында жертөлөсү казылып, курулушка даярдалып жаткан ипотекалык турак үйдүн, курулуш журуп жаткан мал базардын, Кара-Тоо, Кара-Суу айылдарындагы орто мектептердин абалын жеринде көрүп, тиешелүү тапшырмаларды берди.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.