10 май 2024

Кароолор: 324

Облус жетекчилиги шамалдан жабыркаган жарандардан кабар алды

Ат-Башы районунда катуу шамалдын кесепетинен 5 адам жабыр тартты. Ат-Башы районунун Терек-Суу айылында 2 кичинекей бала, Ача-Кайыңды айылынан 1 тургуну, Большевик айылынын 1 тургуну, Ак-Жар айылынын бир тургуну райондук ооруканага жаткырылды.

Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешовдун тапшырмасы менен орун басары Шабдан Абдырайым уулу Ат-Башы райондук ооруканасындагы жабыр тарткан жарандардан кабар алып, 2 жаш балага материалдык колдоо көрсөттү.

Учурда 1 жаш 6 айлык бала жандандыруу бөлүмүнө, ал эми эжеси 8 класста окуган кыз хирургия бөлүмүнө жеткирилген. Учурда наристенин абалы оор. Ал эми эжесиники орто деп бааланууда. Ошондой эле катуу шамалдын кесепетинен Ача-Кайыңды айылынын тургуну турак үйдүн чатырын оңдойм деп кулап түшкөн. Учурда бейтап Ат-Башы райондук ооруканасынын хирургия бөлүмүндө, абалы оор.

Азыркы тапта тиешелүү медициналык жардамдар көрсөтүлүп жатат.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.