10 май 2024
Кароолор: 298
Облус жетекчиси А.Эргешов өзгөчө кырдаал кооптуулугу бар аймактардан кабар алууда

Нарын облусунда күн кескин жылып, тоолордогу мөңгүлөрдун эришине байланыштуу бир катар аймактарда суунун нугу көбөйүп, өзгөчө кырдаалдардын кооптуулугу пайда болду. Облус жетекчиси Алтынбек Эргешов жетектеген Жарандык коргонуу кызматынын алдын ала көрүлгөн аракеттеринин натыйжасында бир катар аймактарда өзгөчө кырдаалдар алдын алынды.
Алсак, кечээ 10-майда саат 17.00 чамасында Нарын - Ат-Башы унаа жолунун (Ак-Бечел тилкеси) жээгиндеги каналда суунун деңгээли көтөрүлүп, унаа жолду суу каптоо коркунучу жаралган. Жарандык коргонуу кызматынын Нарын сууканал ишканасынан 1 эксковатор, 1 самосвал жана “Таза Нарын” ишканасынан 1 жүктөгүч, 1 самосвал техникалары тартылып, каналдын жээгин бекемдөө иштери жүргүзүлүп, унаа жолду суу каптоо коркунучу жоюлду.
Облус жетекчиси Алтынбек Эргешов Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев менен бирге Нарын шаарынын калкын таза суу менен камсыздаган Ак-Бечел суу алуу жайындагы абалды көрүп, калыбына келтирүү иштерин сапаттуу жүргүзүүнү тапшырды.
Учурда Ак-Бечел суу алуу жайында суу алып кеткен жерлерди, цемент түтүкчөлөрду калыбына келтирүү иштери улантылууда. Суу кир агып жаткандыгына байланыштуу Нарын шаарынын калкына берилчү суунун басымы азайтылган.
Мындан сырткары Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагына караштуу Эмгекчил айылынын “Оро-Башы” жана “Мазар” коктуларынан агып түшкөн суунун деңгээли көтөрүлүп, Эмгекчил айылындагы турак-жайларга кооптуулук жараткан. Ошондой эле Жумгал районунун Байзак айылында “Байзак” суусунун деңгээли көтөрүлуп, “Байзак-Кытай” асфальт базасынын көпүрөсүнун болжол менен 25 метр аралыгын жууп, Кочкор-Жумгал унаа жолунун 171-чакырымына суу каптоо коркунучу жаралган. Аталган аймактарда ыкчам көрүлгөн аракеттердин натыйжасында сайдын жээгин бекемдөө иштери жүргүзүлүп, өзгөчө кырдаалдар алдын алынган.
Бул жумуштарда АТРдин алкагында КР Президенти тарабынан берилген техникалардын жардамы чоң болууда.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.