13 февраль 2024

Кароолор: 313

Облус жетекчиси айыл өкмөттөрүнүн ишмердүүлугун жеринде текшерүүдө

Нарын облусунда биринчилерден болуп ишке ашкан пилоттук долбоорлорду улантууда айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлерине айыл аймактарын өнүктүрүүгө багытталган орчундуу милдеттер коюлган.

Бүгүн, 13-февралда Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнө күтүүсүз барып, айыл өкмөтүндөгү кызматкерлердин ишмердүүлүгүн, алардын компетенттүүлүгүн текшерди. Айыл өкмөтүндөгү алып барылып жаткан иш ыргагын жеринде көрдү.

Кызматкерлерди Президентибиз, Министрлер Кабинетинин төрагасы койгон талаптарды, тапшырмаларды, иш милдеттерин кынтыксыз аткарууга чакырып, кеп-кеңешин берди.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.