28 май 2025
Кароолор: 50
ОБЛУС ЖЕТЕКЧИСИ АЛТЫНБЕК ЭРГЕШОВ ЧЕК АРА КЫЗМАТКЕРЛЕРИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ

Нарын шаарындагы Тайлак баатыр атындагы №2025 аскер бөлүгүндө Чек ара кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов катышып, чек арада кызмат өтөп жаткан жоокерлерди жана офицерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады.
Өзүнүн куттуктоосунда облус башчысы Алтынбек Эргешов чек арачылардын жоопкерчилигин, түйшүктүү жана кооптуу кызматын өзгөчө баалап өттү. Ал бул кызмат өлкөбүздү сырткы коркунучтардан, мыйзамсыз миграциядан, контрабандадан жана башка ар кандай чыр-чатактардан коргоп турган абдан маанилүү кызмат экенин белгилеп, жоокерлердин баатырдыгына жана кайратмандыгына терең таазим кылды.
Мындан тышкары, Алтынбек Эргешов кызмат учурунда курман болгон эр жүрөк жоокерлер — капитан Эсентур Кубанычбеков, улук лейтенант Алмаз уулу Бейкут, улук лейтенант Апсамат Жекшенбеков, прапорщик Иманбек уулу Жеңиш жана сержант Нурсултан Жаныбековду терең урматтоо менен эскерип, алардын эрдиги элдин эсинде түбөлүк каларын баса белгиледи.
Ал ошондой эле чек арада кызматындагы жоокерлердин, офицерлердин ата-энелерине, жубайларына жана балдарына өзгөчө ыраазычылык билдирди: “Сиздер чек арачылар менен тең салмакта кызмат өтөп жатасыздар. Сиздердин колдооңуздарсыз алардын күнүмдүк кызматы да мүмкүн болбойт эле. Биз ар дайым сиздердин сабырыңыздарга, түшүнүү менен кабыл алып жана жоокерлерге таяныч болгонуңуздарга терең ыраазычылык билдиребиз,”- деди А.Эргешов
Салтанаттын жүрүшүндө ыйгарым укуктуу өкүл бир катар офицерлерге Ардак грамоталарды тапшырды. Ал эми аскер бөлүккө телевизор белекке берип, аны командир Рустам Миршакировго тапшырды.
Маданий бөлүктө кызмат учурунда курман болгон жоокерлер тууралуу атайын сценка көрсөтүлүп, катышуучуларга терең таасир калтырды. Ошондой эле майрамдык иш-чара ведомстволук бала бакчанын тарбиялануучулары менен даярдалган концерттик программа менен коштолду.