30 декабрь 2023

Кароолор: 294

Облус жетекчиси Ат-Башы районундагы бөбөктөрдү куттуктады

Облус жетекчиси Алтынбек Эргешов Ат-Башы районуна болгон иш сапарында бөбөктөргө жаңы жылдык таттууларын тапшырып, балдарыбыздын келечеги таттуу болуусун тилек кылды.

Жаңы жылды утурлай облус аймагынан 800 балага ыйгарым укуктуу өкүлдүн майрамдык белектери тартууланды. Алардын ичинде Ат-Башы районунан 100 балага белек берилди.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.