19 декабрь 2023
Кароолор: 305
Облус жетекчиси Кочкор районунун тургундарынын көйгөйлүү маселелерин укту

Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов Кочкор районунун тургундарын кабыл алып, көйгөйлүү маселелерин укту.
Жолугушууда райондун тургундары көп жылдан бери чечилбей келген жер маселелерин ортого салышты.
Көтөрүлгөн маселелер укук коргоо органдарынын, тиешелүү тармак адистеринин жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда, облус жетекчисинин жетекчилиги менен калыс чечилип берилди.
КР Президетинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.