14 июль 2025

Кароолор: 8

ОБЛУСТУН БАРДЫК АЙМАКТАРЫНДА МАДАНИЙ ИШ ЧАРА ӨТҮП, КИНО ТАСМАЛАР КОЮЛУП БАШТАДЫ

Нарын облусунун райондорундагы бардык айыл аймактардагы калкка, алыскы жайлоолордогу малчыларга кыдырып концерт уюштуруп өткөрүү, тарбиялык маанидеги кино тасмаларды көрсөтүү боюнча түзүлгөн графиктин негизинде жер-жерлерде маданий иш чаралар уюштурулуп жатат.

Бул иш чара атайын бекитилген даталар менен өтүлөт.

Бул иш чара КРнын Президенти С.Жапаровдун “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу Жарлыгынын алкагында маданият жана көркөм өнөр маселелеринин өтө татаал, көп түрдүү экендигин эске алып, жарандардын нарк талабына ылайык жогорку маданиятка ээ болуусу, кыргыздардын жана Кыргызстан элинин салттуу үй-бүлө баалуулуктарын, тарыхын, тилин, маданиятын, салт-санаасын, наркын жана башкаларды кеңири жайылтуу жана сактоо, калктын маданий жактан эс алуусун уюштуруу максатында КРнын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сатаров Нурбек Бейшеналиевичтин тапшырмасынын негизинде өткөрүлүп баштады.