09 июль 2025

Кароолор: 5

ОБЛУСТУН МЫКТЫ ОКУУЧУЛАРЫНА ДУБАН БАШЧЫСЫ СЫЙЛЫКТАРДЫ ТАПШЫРДЫ

Бүгүн, 9-июлда Президенттин Нарындагы өкүлү Нурбек Сатаров, орун басары Айдана Иманалиева Нарын облусунун билим берүү тармагындагы 2024-2025-окуу жылына карата ийгилик жараткан окуучуларды жана алардын ата-энелери менен мугалимдерин сыйлады.

Жалпысынан Республикалык олимпиада менен эл аралык сынактын жеңүүчүлөрү, жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен “Алтын сертификат” ээлери жана жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку упай алган бүтүрүүчүлөр катышышты.