31 декабрь 2025
Кароолор: 26
ӨКҮЛДҮН КУБОГУНА АРНАЛГАН ШАХМАТ ОЮНУ БОЮНЧА МЕЛДЕШ БОЛУП ӨТТҮ

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн кубогуна арналган жаш өспүрүмдөр арасында шахмат боюнча мелдеш өткөрүлдү. Иш-чара өспүрүмдөрдүн интеллектуалдык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, шахмат спортуна кызыгуусун арттырууга жана сергек жашоо образын жайылтууга багытталды.
Мелдеш үч жаш курактык категория боюнча уюштурулуп, катышуучулар өз ара күч сынашты. Жыйынтыгында алдыңкы орундарды ээлеген жеңүүчүлөр ыйгарым укуктуу өкүлдүн акчалай сыйлыктары, спорт башкармалыгы тарабынан даярдалган кубок, медалдар жана дипломдор менен сыйланышты.