03 апрель 2025

Кароолор: 36

ОКУУЧУЛАРДЫН ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨЛӨРҮ КАРЖЫЛАНАТ

Мындай маалыматты бүгүн, 2025-жылдын 3-апрелинде, КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов  "Жаңы муун - жаркын келечек, таза муун - коопсуз келечек!" аттуу форумда мектеп окуучуларына кайрылуу учурунда айтты. Мындан сырткары, балдардын жакшы окушуна мотивация берүү үчүн, мыкты жетишкендиктерди көрсөткөн окуучулар ата-энеси менен чогуу облус бийлиги тарабынан чет өлкөгө эс алууга жөнөтүлөрүн кошумчалады. Каржылоо жергиликтүү фонддордон берүү пландалганын билдирди. 

Өз сөзүндө А.Эргешов Нарын облусунун билим берүү тармагындагы өзгөрүүлөргө токтолду. Маалыматка ылайык, акыркы жылдары жергиликтүү бийликтин ырааттуу иш алып баруусунун  жыйынтыгында Нарын облусунун окуучуларынын билим деңгээлин жогорулатууга мүмкүн болду. Алсак, Предметтик олимпиадада мурда облус акыркы орундарда болсо, 2023-2024-окуу жылында республикада 3-орунду камсыздашты. Ал эми мектеп жашына чейинки балдарды бакчага тартуу 84%га жетти. Бул өлкөдөгү эң жогорку көрсөткүч экенин белгиледи.

Республиканын ар бир облусунда өтүп жаткан форум КР Ички иштер министрлиги тарабынан уюштурулуп, Нарын облусунда жыйынтыкталып жатат. Ага Нарын облусунан 500дөн ашык окуучу катышты. Форумга  чакырылган белгилүү нарындык саясатчылар, спортчулар, шоумендер  мотивациялык сөздөрүн айтып, балдар менен диалог курушту. Коноктордун катарында Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Самыйкожо, Мурадил Сыдыков, атактуу спортчулар Улукбек Жолдошбеков, Алибек Осмонов, Асан уулу Өмүрбек, “Кыргыз Биримдиги Групп” коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү Дана Абдыбекова, кино жана театр актеру, каскадер Нурмат уулу Бактыбек, актер, тамашоучулар Эркинбек уулу Самат, Кубанычбек Курманбеков, Актан Рыскелдиев, Азамат Исмаилов  болду. Мындан сырткары, Гүланда Алымбекова, Асанбек кызы Алтынай концерттик номерлерин тартуулашты.

Ал эми КР ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов иш чараны жыйынтыктап, форумду уюштурууга активдүү катышкан атуулдарга министрликтин сыйлыктарын тапшырды.

Нарын шаарындагы М.Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалуу драма театрында өткөн "Жаңы муун - жаркын келечек, таза муун - коопсуз келечек!" аттуу форумдун негизги максаты: жаштар арасында зордук-зомбулуктун, экстремизмдин, баңгиликтин алдын алууга багытталган туруктуу баалуулуктарды өнүктүрүү, ошондой эле мотивацияны жогорулатуу, коомдун коопсуздугу жана бакубаттулугу боюнча активдүү, аң сезимдүү жарандык позицияны калыптандырууга багытталган.