01 апрель 2026
Кароолор: 13
ОЛИМПИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮНӨ “АРТЕК” ЛАГЕРИНЕ ЖОЛДОМОЛОР БЕРИЛДИ

Ыйгарым укуктуу өкүл Нарын облусунан барып, Республикалык предметтик олимпиаданын жыйынтыгы менен жеңүүчү болгон окуучуларды, алардын мугалимдерин жана ата-энелерин сыйлады.
Өкүлчүлүктүн атынан окуучуларга “Артек” лагерине жолдомо, мугалимдерге акчалай сыйлык, ал эми ата-энелерге Ыраазычылык каттар тапшырылды.
Жеңүүчүлөр:
1. Качкынова Мария Алмазбековна
11-класстын окуучусу. Кыргыз тили, адабияты предмети боюнча 1-орун
(кырг. мектеп). Ат- Башы району,
Карыбек Карпеков атындагы жалпы билим берүү мектеби;
2. Шайырбекова Рабия Шайырбековна
11-класстын окуучусу. Орус тили жана адабияты сабагы боюнча орус мектептер арасында 2-орунду алды. Кочкор району, Нинакан Жүндүбаева атындагы жалпы билим берүү мектеби;
3. Нурланбекова Канайым Нурланбековна 11-класстын окуучусу. Кыргыз тили, адабияты сабагы боюнча кыргыз мектептер арасында 3-орунду алды. Ак-Талаа району, Бакый Мүсуралиева атындагы жалпы билим берүү мектеби;
4. Кадыров Адилхан Талантбекович 10-класстын окуучусу. Информатика сабагы боюнча 3-орун. Нарын шаары, Муратбек Субакожоев атындагы Нарын лицейи;
5. Өмүрзакова Акактай Акатовна 9-класстын окуучусу. Кыргыз тили, адабияты сабагы боюнча 4-орун. Нарын шаары, Билимкана-Нарын мектеби
Белгилей кетсек, Нарын облусу республика боюнча жалпы эсепте 4-орунду ээледи.