13 январь 2025

Кароолор: 43

Өлкөдө биринчилерден болуп Нарын ветлабораториясынын Серология бөлүмү эл аралык сертификатка ээ болду

ГОСТ ISO/IEC 17025:2019 эл аралык сертификат аркылуу облустун экспорттук потенциалы  жогорулап, дарт аныктоо процедурасынан ийгиликтүү өткөн продукциялар чет өлкөлөргө тоскоолдуксуз чыгат. Ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору мамлекеттик мекемесинин (мындан ары - борбор) алдындагы Нарын зоналдык ветеринардык лабораториясынын Серология бөлүмү облустук лабораториялардын ичинен биринчи болуп Кыргыз Аккредитациялоо борборунун аккредитациясынан өтүп, эл аралык стандарттарга шайкеш келген сертификатка 2024-жылдын декабрь айынын аягында ээ болду. Ветеринардык кызматтын маалыматына ылайык, борбордун Түштүк региону боюнча өкүлчүлүгүнүн Нарын, Талас, Каракол, Балыкчы жана Баткен зоналдык ветеринардык лабораториялардын Серология бөлүмдөрүн ГОСТ ISO/IEC 17025:2019 эл аралык стандартына аккредитациядан өткөрүү үчүн тиешелүү иш-кагаздары даярдалып, аккредитациялоо боюнча органдын эксперттик тобу тарабынан баалоо иштери жүргүзүлдү. Натыйжада, аталган аймактардын ичинен Нарын зоналдык ветеринардык лабораториясынын Серология бөлүмүнө аккредиттөө аттестаты берилди. Ал эми Кыргыз аккредитациялоо борборунун эксперттик тобу тарабынан баалоодон өткөн калган лабораториялардын бөлүмдөрү жогоруда аталган сертификатты 2025-жылдын январь айында алышат. 

2025-жылы аталган лабораториялардан сырткары башка бөлүмдөрдү да аккредитациядан өткөрүү пландалууда. Алардын катарында Нарын зоналдык ветеринардык лабораториясынын бактериология жана паразитология бөлүмү. Ал эми быйылкы жылы Нарын, Талас, Каракол, Жалал-Абад жана Баткен зоналдык ветеринардык лабораториясынын химия-токсикология жана ВСЭ бөлүмдөрү эт  жана сүттөгү антибиотиктерди сапаттуу ыкма менен аныктоого аккредитацияга арыз берилет.