02 октябрь 2023

Кароолор: 311

Ормон Хандын 230 жылдык мааракеси Ормон Ниязбек уулунун эстелигин ачуу менен башталды

Бүгүн, 2-октябрда Нарын облусунун Кочкор районунда Кыргыз мамлекеттүүлүгун түптөөгө салымын кошкон тарыхый инсан, 19-кылымдын ортосунда чачкын кыргыз урууларын бириктирип, көз карандысыз Кыргыз хандыгын түзүүгө аракет кылган белгилүү саясий ишмер Ормон Ниязбек уулунун 230 жылдык мааракеси өтүп жатат.

Маданий иш чара Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров катышууда.

Алгач Кочкор районунун Семиз-Бел айылындагы “Ормон Хан” ордосунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусу көтөрүлүп, Ормон Ниязбек уулунун эстелиги ачылды.

Белгилей кетсек, "Ормон Хан” ордосун куруу үчүн Семиз-Бел айылынын чыгыш тарабынан 1 гектар жер трансформацияланып, Нарын облусунун “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунан 7 миллион сом каралган.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.