21 апрель 2026

Кароолор: 9

ОРУК-ТАМ АЙЫЛЫНА ЖАҢЫ ФАП САЛЫНАТ

21-апрель күнү ыйгарым укуктуу өкүл Нарын районунун Орук-Там айылынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө облус башчысы жергиликтүү калктын кайрылуусунун негизинде Орук-Там айылына жаңы ФАПтын имараты куруларын айтты.

Ошондой эле өкүл айылды райондун борбору менен байланыштырып турган унаа жолдогу эскилиги жеткен жыгач көпүрөлөр жакынкы жылдары толугу менен жаңыртыларын айтты.

Жолугушуунун соңунда, айыл тургундарына сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү үчүн жаңы автоунаа тапшырылды.