09 апрель 2026
Кароолор: 15
ОРУН БАСАР Ж.МАМБЕТОВА КОЧКОРГО ИШ САПАРЫ МЕНЕН БАРДЫ

9-апрель күнү ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Жылдыз Мамбетова Кочкор районуна иш сапары менен барып, бүтүрүүчүлөрдү Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) даярдоо процесси жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын иши менен жеринде таанышты.
Иш сапардын жүрүшүндө мектеп жетекчилерине ЖРТга даярдыктын сапатын жогорулатууга багытталган так тапшырмалар берилип, учурдагы көйгөйлөр жана алдыдагы пландар талкууланды.