30 май 2025
Кароолор: 53
ОРУС ДЕЛЕГАЦИЯСЫ АТ-БАШЫ АЙЫЛЫНДАГЫ КАРЫБЕК УУЛУ АКМАТААЛЫ АТЫНДАГЫ ОРТО МЕКТЕПКЕ 10 КОМПЬЮТЕР ТАПШЫРДЫ

Нарын облусуна болгон расмий иш сапардын алкагында Россия Федерациясынан келген делегация Ат-Башы айылындагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектеп менен таанышып чыкты.
Учурда мектепте 81 класстан турган комплекте жалпысынан 2410 окуучу билим алууда. Анын ичинде даярдоо баскычындагы 7 класста 219 бала тарбияланып жатат. Бардык окуу процесси орус тилинде жүргүзүлөт. Бул жагдай мектепти аймактагы өзгөчө жана жогорку талапка ээ мектептердин катарына кошот.
Мектептеги билим берүү сапатынын жогору болушу, тилге өзгөчө көңүл бурулушу жана тарбиялык иштердин натыйжалуулугу үчүн ар жылы бул мектепке баласын окутууну каалаган ата-энелердин саны көбөйүп келет. Ошол эле учурда окуучулардын саны өсүп жаткандыктан, мектепте материалдык-техникалык базасы жетишсиз.
Иш сапардын жүрүшүндө орус делегациясы мектепке заманбап 10 компьютердик комплект белекке берди. Бул белек окуу процессин санариптештирүүгө жана окуу шарттарын жакшыртууга багытталган.
Мектеп администрациясы учурда мектепте кошумча техникага — проекторлорго, интерактивдүү панелдерге, ошондой эле эскирген эмеректерди — доскаларды, парта, отургуч жана шкафтарды жаңылоого муктаждык бар экенин белгиледи.
Орус делегациясы мугалимдер жамаатына ыраазычылык билдирип, орус тилинде окутууну сактап жана өнүктүрүп жаткандыгы үчүн алкыш айтты. Делегация эки элдин ортосундагы гуманитардык кызматташтыкты мындан ары дагы бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи.