30 май 2025

Кароолор: 42

ОРУС ДЕЛЕГАЦИЯСЫ “АТ-БАШЫ СҮТ” ЗАВОДУНА БАРЫП, ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨНДҮРҮШ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Нарын облусуна болгон расмий сапардын алкагында Россия Федерациясынан келген делегация Ат-Башы районунда жайгашкан “Ат-Башы Сүт” ЖЧКсына барып, сүт жана сүт азыктарын өндүрүү боюнча ишмердүүлүк менен таанышты.

"Ат-Башы Сүт" ишканасы 2009-жылы түзүлгөн жана 2011-жылдан бери сыр жана каймак май өндүрүп келет. Заводдо учурда 4 түрдүү сыр чыгарылат: голландский, чечел, сметанковый жана тильзитский. Мындан тышкары, жогорку сапаттагы каймак май өндүрүлөт. Заводдун продукциясы Бишкек шаарындагы “Ат-Башы Сүт” дүкөнүндө жана жергиликтүү рыноктордо, анын ичинде “Фрунзе” гипермаркетинде сатыкка чыгарылууда.

Заводдо жалпысынан 53 адам эмгектенет. Өндүрүш көлөмү сезон учурунда 55-60 тонна даяр продукцияны түзөт.

Ишкана чыгарган сырлар эл аралык көргөзмөлөрдө “Жогорку сапат” наамын алып, чет өлкөлүк рыноктордо да кызыгуу жаратууда.

Бирок климаттык шарттарга байланыштуу, күз-кыш мезгилинде чийки сүттүн көлөмү кескин төмөндөп кеткендиктен, завод жыл бою толук кубатта иштей албай келет. Бул маселени чечүү максатында “Ат-Башы Сүт” ишканасы өзүнүн менчигинде саан-уй фермасын куруу боюнча долбоор иштеп чыгып, аны ишке ашырууда.

Ферма куруу үчүн Калинин айылындагы “Жайылма” тилкесинен жер бөлүнүп берилген. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аймактарды өнүктүрүү максатында бөлүнгөн 2,0 миллиард сом каражаттын алкагында бул долбоор Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондуна сунушталып, жактырылган. Натыйжада, фонд тарабынан жалпы 39 миллион сом бөлүнгөн: анын ичинен 28 миллиону сарай курууга, 11 миллиону асыл тукум Симментал породасындагы уйларды сатып алууга багытталган. Бүгүнкү күндө фермада 90 баш уй багылууда.

Ишкананын аткаруучу директору Орузумбекова Нурила заводдун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, өндүрүлгөн продукцияны конокторго көрсөттү. Орус делегациясы жергиликтүү деңгээлде ишке ашып жаткан ийгиликтүү долбоорду жогору баалап, мындай ишканалар Кыргызстан менен Россиянын экономикалык кызматташтыгын чыңдоодо салым кошорун белгилешти.