30 май 2025

Кароолор: 12

ОРУС ДЕЛЕГАЦИЯСЫ УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШТУН АРДАГЕРИ САТЫНДЫ ЖАПАРОВДУ ЖЕҢИШТИН 80 ЖЫЛДЫГЫ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ

Россия Федерациясынын Президентинин Администрациясынын чет өлкөлөр менен аймактар аралык жана маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын начальниги Игорь Маслов башында турган орус делегациясы Нарын облусунун Ат-Башы айылында жашаган согуштун ардагери Сатынды Жапаровду Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктады.

Сатынды Жапаров — Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, учурда Нарын облусунда жашаган жалгыз ардагер. Быйыл ал 100 жашка толот. Анын эрдигине терең урмат көрсөтүп, Игорь Маслов ардагерди куттуктап, өз колу менен белектерди тапшырып, анын баатырдыгына таазим кыларын билдирди.

Ардагердин үйүнүн алдында Тайлак Баатыр атындагы №2025 аскер бөлүгүнүн аскерлери салтанаттуу түрдө С.Жапаровго аскердик урмат көрсөттү.

Жаш курагына жана саламаттыгынын начардыгына байланыштуу Сатынды Жапаров быйыл 9-майда Москвадагы Жеңиш парадына катыша алган эмес. Бирок куттуктоолор жана көңүл буруу анын эрдиги унутулбай, урпактардын эсинде түбөлүк сакталаарын айгинеледи.

Игорь Маслов жетектеген орус делегациясы жана Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов жетектеген иш-чаранын катышуучулары 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин элесине таазим кылышты.

Жетекчилердин катышуусунда гүл чамбар коюу аземи Нарын шаарындагы “Өчпөс оттун” алдында жана Ат-Башы айылындагы “Өчпөс отто” өттү. Иш-чара курман болгондорду бир мүнөттүк эскерүү менен башталып, баатырлардын урматына аскердик залп атылды.

Бул эскерүү иш-чарасында Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган Москвада өткөн парадга күбө болуп келишкен кыргызстандык согуш ардагерлеринин үй-бүлө мүчөлөрү да катышты. Алар орус делегациясынын мүчөлөрү менен жолугуп, Улуу ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлерди эскерүү иш-чарасына катышкандыктары үчүн ыраазычылык билдиришти.