30 май 2025

Кароолор: 9

ОРУСИЯНЫН РАСМИЙ ДЕЛЕГАЦИЯСЫ НАРЫНДАГЫ ТАРЫХЫЙ-ЭТНОГРАФИЯЛЫК МУЗЕЙДЕГИ КӨРКӨМ ӨНӨР МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешовдун коштоосунда Россия Федерациясынын Президентинин чет өлкөлөр менен региондор аралык жана маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын жетекчиси Игорь Маслов жана делегация мүчөлөрүнүн катышуусунда Нарын шаарындагы К.Мамбеталиева атындагы тарыхай-этнографиялык музейге таандык "AS" галереясындагы көргөзмөгө күбө болушту. Мында нарындык сүрөтчү Нурбек Жолбуновдун 120 ашык кийизден, чийден, таштан жасалган эмгектери жана майлуу боёк менен тартылган сүрөттөрү тааныштырылды.

Мындан тышкары, галерея ичинде балдар билим берүү борборунун тарбиялануучуларынын кол өнөрчүлүгү тааныштырылды.

Галереяда жайгашкан боз үйдүн ичинде кыргыз маданиятынын туу чокусу болгон "Манас" эпосунан үзүндү кыргызча жана орусча тилде өнөрлүү өспүрүмдөр тарабынан конокторго тартууланды