16 май 2025
Кароолор: 20
ПАЙДАЛУУ МӨМӨ-ЖЕМИШТЕР

Казыбек айылындагы “Погранич Нур” кооперативи тарабынан жапон инвесторлорунун колдоосу менен бир нече долбоор ишке ашууда.
Жалпы 1,5 млн долларлык инвестиция каралган долбоор 100 гектар жерге органикалык ыкма менен 20 миң түп чычырканак жана 5600 түп карагат отургузулуп, плантациялар түзүлүүдө. Жер участогу тосулуп, толук инфраструктура даярдалып жатат. Долбоордун негизги максаты – жемиштерди кайра иштетип, чычырканак майын, карагат ширесин жана табигый косметикалык каражаттарды өндүрүп, чет өлкөлөргө, айрыкча Японияга экспорттоо. Ошондой эле, аарычылык, бал өндүрүү, эт жана сүт багытындагы өндүрүштү да жолго коюу каралууда.
Кооператив мүчөлөрүнүн маалыматына ылайык, Ат-Башыда учурда үч кооператив активдүү иш алып барып жатат. Ат-Башынын айыл аймактарынын топурак кыртыштары атайын лабораториялык изилдөөлөрдөн өтүп, топурактын курамында айырмалары бар экени аныкталган. Чычырканак өстүрүүгө абдан ыңгайлуу деп табылган участокто тесттик режимде иштер башталды.
Адистердин айтымында жергиликтүү жапайы чычырканак менен Алтай жана Ысык-Көлдөн алынып келген көчөттөр салыштырылып, изилдөөлөр жүрүп жатат. Жапайы чычырканак даамы кычкыл келип, шекер кошууга туура келет. Бирок андай ыкма чычырканактын пайдалуулугун төмөндөтөт. Ал эми жаңы алынып келинген тикенексиз чычырканактын мөмөсүнүн көлөмү дагы чоң, даамы дагы таттуурак болот.
Аймактагы долбоорлорду илимий негизде жүргүзүү үчүн Кыргыз Улуттук университетинин Кыргыз-жапон институтунун директору Такахара Дайсукэнин жетекчилиги астында, жергиликтүү шарттарды эске алуу менен агрардык изилдөөлөр жүргүзүлүүдө. Бул долбоорлорду илимден ажыратпай, тыкыр изилдөөлөрдүн негизинде өстүрүү зарылдыгы баса белгиленди. Ошондой эле, билим берүү тармагында да кызматташтык кеңейип, Нарын университети менен биргеликте продукциянын сапатын жогорулатуу максатында окуулар өткөрүлүп жатат.
Келечекте чычырканак аянттарын 1000 гектарга чейин жеткирүү пландалууда. Ал эми аны менен катар учурда 150 бал челек коюлуп, жакын арада 10 тонна бал алуу пландалууда. Аталган продукцияны Жапон өлкөсүнө экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Ошондой эле, карагат өстүрүү жана мал чарбасын модернизациялоо — аймактагы негизги багыттардын бири болуп калууда.
Бакыт Төрөбаев сапардын жыйынтыгында айыл чарбасын илим, билим жана инвестиция менен айкалыштырып, жаратылыш мүмкүнчүлүктөрүн туура пайдалануу аркылуу аймактарды өнүктүрүүгө болорун белгилеп, мындай демилгелер колдоого алынаарын билдирди.