14 февраль 2026
Кароолор: 9
ПРЕСС ТУРДУН 2-КҮНҮ КОЧКОР РАЙОНУНДА УЛАНДЫ

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн демилгеси менен Нарындагы кышкы туризмди өнүктүрүү багытында чет элдик тур компаниялар, журналисттер жана блогерлерге арналып уюштурулуп жаткан эл аралык пресс турдун 2-күнү Кочкор районунда болуп өттү.
Келген меймандарга көп дартка даба болгон “Туз” шахтасы, тери ооруларына шыпа болуучу “Күйгөн суу” жана “Ара-Көл” көлү тааныштырылды.
2-күндүн соңу “Согум” фестивалы менен жыйынтыкталып, пресс турдун катышуучуларына кыргыз улуттук тамак ашынын даярдалуу жолу мастер класс катары көрсөтүлүп жана жаңы ачылган “Ормон хан” этнокомплекси тууралуу маалымат берилди.