29 январь 2026
Кароолор: 21
ПРЕСС-ТУРДУН АЛКАГЫНДА 3 ЧОҢ ФЕСТИВАЛЬ ӨТӨТ

Облус башчысынын демилгеси менен Нарын облусунда кышкы туризмди өнүктүрүү максатында 2026-жылдын 13–16-февраль күндөрү өтө турган эл аралык пресс-турга даярдык көрүү боюнча жыйын өткөрүлдү.
Жыйынга шаар жана район жетекчилеринин жооптуу кызматкерлери, ошондой эле туризм тармагында иш алып барган ишкерлер катышты.
Катышуучулар сунуш-пикирлерин билдиришип, иш-чаранын маанисине токтолушту. Жыйын соңунда ишкерлер пресс-турдун алкагында уюштурулуучу 3 ири фестивалды биргеликте өткөрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришип, Нарындын кышкы туризмин өнүктүрүүгө чогуу аракет көрүшөрүн белгилешти.