15 февраль 2026
Кароолор: 10
ПРЕСС-ТУРДУН АЛКАГЫНДА 6 КЫЗМАТТАШУУ МЕМОРАНДУМУНА КОЛ КОЮЛДУ

Эл аралык пресс-турдун 3-күнү Нарын облусунун туристтик байланыштарын кеңейтүүгө багытталган кызматташуу меморандумдарына кол коюу менен башталды.
Салтанаттын жүрүшүндө төмөнкү 6 меморандумга кол коюлду:
1. “Теңир Тоо” дестинациясы менен Өзбекстан Республикасынын Наманган облусунун “Savanna” эл аралык туристтик компаниясынын ортосунда;
2. “Теңир Тоо” дестинациясы менен “Наманган”ассоциациясынын ортосунда;
3. Нарын райондук мамлекеттик администрациясы менен Казакстан Республикасынын Алматы облусунун Райымбек райондук мамлекеттик администрациясынын ортосунда;
4. “Теңир Тоо” дестинациясы менен Алматы облусунун «Тараз-туризм» туристтик маалымат борборунун ортосунда;
5. “Хан Теңири Нарын” ЖЧКсы менен Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун Борбордук Азия соода уюмунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн ортосунда;
6. Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети менен Өзбекстан Республикасынын Фергана облусундагы Маргалаң шаарынын туризм жана маданий мурас техникумунун ортосунда.
Меморандумдарга кол коюу тараптар ортосундагы өз ара кызматташууну чыңдап, жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кеңири мүмкүнчүлүк түзөрү белгиленди.