28 январь 2024
Кароолор: 311
Президентибиздин саясий эрки менен аймактар ирилештирилип, айылдар өнүгүүдө

Президентибиз Садыр Жапаровдун саясий эрки менен Кыргызстандын аймактарында административдик-аймактык реформа жүрүүдө. Бул долбоор көп жылдардан бери улам кийинкиге калтырылып, ишке ашпай келген.
Административдик-аймактык реформа пилоттук негизде биринчилерден болуп Нарын облусунда жана Ысык-Көл облусунун Түп районунда жүзөгө ашты.
Нарын облусунда административдик-аймактык реформаны ишке ашырууда облус жетекчиси Алтынбек Эргешов баштаган команда уюштуруучулук менен иш алып барып, натыйжада 63 айыл өкмөтү ирилештирилип, 27 айыл өкмөтү түзүлдү.
113 млн сом акча каражаты үнөмдөлүп, бул каражат 3 жылга айыл аймактарын өнүктүрүүгө калтырылды.
27 айыл өкмөттүн ар бирине Президентибиз тарабынан 10 миллион сомдон өнүгүү үчүн каражат жана Нива үлгүсүндөгү кызматтык автоунаалар берилди. Учурда айыл аймактарына берилген 270 миллион сом каражатка айыл чарба техникаларын сатып алуу, чакан ишканаларды, логистикалык борборлорду куруу иштери жүрүүдө.
АТРдин жыйынтыгы менен жыл башында Нарын облусунун жергиликтүү бюджети 1 млрд сом болсо, бүгүнкү күндө 1,5 млрд сомго жетти.