17 декабрь 2025
Кароолор: 21
ПРЕЗИДЕНТТИН БАЛАТЫ МАЙРАМЫНА НАРЫНДАН 30 ОКУУЧУ КАТЫШАТ

Бүгүн облус башчысынын орун басары Айдана Иманалиева Нарын облусунан 30 окуучуну Кыргыз Республикасынын Президентинин балаты майрамына катышуучу үчүн узатты.
Бул жылы балаты майрамына облустагы аялуу катмардагы үй-бүлөлөрдүн жакшы окуган балдары катышат.
Белгилей кетсек, майрамга катышуу үчүн Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан быйыл Нарын облусуна 30 квота бөлүнгөн.