27 март 2024

Кароолор: 72

Президенттин колдоосу менен 27 айыл өкмөткө 44 атайын техникалар тапшырылды

Белгилүү болгондой, өткөн жылы Нарын облусунда ишке ашкан Административдик-аймактык реформанын натыйжасында 63 айыл аймагы бириктирилип, 27 айыл аймагы түзүлгөн. 27 айыл өкмөттүн ар бирине Президентибиз тарабынан кызматтык автоунаалар жана 10 миллион сомдон өнүгүү үчүн каражат берилген. Бул каражатка 44 атайын жана айыл чарба техникалары сатып алынды. Ошондой эле айрым айылдарда чакан ишканалар, логистикалык борборлор ачылууда.

Президентибиз берген каражатка сатылып алынган техникалар бүгүн, 27-мартта Нарында өткөрүлүп жаткан “Агро - 2024” айыл чарба форумунда акимдерге жана айыл өкмөт башчыларына салтанаттуу тапшырылды.

Техника тапшыруу аземинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов Президентибиз Садыр Жапаровго теңиртоолуктардын атынан ыраазычылык билдирүү менен бирге ар бир келген техника акжолтой болуп, элибизге кызмат кылуусун тилек кылды. Ошондой эле бул таберикти сарамжалдуу пайдаланууну айыл өкмөт башчыларына милдеттендирди.

Облус боюнча 44 атайын жана айыл чарба техникалары алынса, анын ичинен Ак-Талаа району боюнча 3 айыл өкмөткө 6 техника (2 комбайн, 1 силос жыйноочу техника, 1 тележка, 1 эксковатор, 1 бетономешалка);

Ат-Башы району боюнча 5 айыл өкмөткө 12 техника (2 погрузчик, 3 хово, 3 камаз, 4 эксковатор);

Жумгал району боюнча 5 айыл өкмөткө 9 техника (1 бетономешалка машина, 2 хово, 1 камаз, 2 эксковатор, 3 погрузчик);

Кочкор району боюнча 4 айыл өкмөткө 6 техника (1 жүгөрү жыйноочу комбайн, 1 хово, 1 камаз, 1 эксковатор, 2 погрузчик);

Нарын району боюнча 6 айыл өкмөткө 11 техника (1 комбайн, 4 погрузчик, 2 хово, 1 камаз, 1 трактор, 1 силос жыйноочу техника, 1 жүк ташуучу машина) сатып алынды.

Мындан сырткары Баетов жана Жерге-Тал айыл өкмөттөрүнө таш майдалоочу (дробилка) комплекс, Чаек, Ормон-Хан айыл өкмөттөрүнө логистикалык борбор ачылуу алдында турат. Ал эми Миң-Булак айыл аймагынын өндүрүш ишканасына зым кескен, зым керген, пресстөөчү, ширетүүчү, комбикорм чыгаруучу жабдуулар алынып, элге кызмат көрсөтө баштады.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.