24 апрель 2025

Кароолор: 22

ПРЕЗИДЕНТТИН НАРЫН ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮ А.ЭРГЕШОВ АК-ТАЛАА РАЙОНУНДАГЫ СОЦИАЛДЫК ОБЪЕКТТЕРДИН КУРУЛУШУ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

2025-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов иш сапарынын алкагында Ак-Талаа районуна караштуу Тоголок-Молдо айыл аймагындагы Ак-Тал айылында курулуп жаткан орто мектеп менен бала бакчанын курулуш иштерин жеринен текшерди.

А.Турдакунов атындагы 150 орундуу орто мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүп жатат. Объекттин жалпы сметалык баасы 93 миллион сомду түзүп, учурда иштер 90%га бүткөрүлгөн. Облус башчысы аталган мектептин курулушунун сапаты жана жүрүшү менен жакындан таанышып, курулуш иштери өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүткөрүлүшү керектигин белгилеп, тиешелүү кызмат адамдарына объектти өз убагында ишке берүү боюнча так тапшырма берди.

Мектептин айланасында жүргүзүлүп жаткан чарбалык иштер, брусчатка төшөө жана сырдоо иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл курулуш иштери талаптагы деңгээлде жүрбөй жатканын белгилеп, подрядчы уюмдун өкүлүнө түздөн-түз сын айтты. Ал колдонулган сыр боёктордун сапатына жана алардын туура тандалбагандыгына өзгөчө көңүл буруп, эскертүү берди.

Мындан тышкары, мектептин ичиндеги айрым жаңы алып келинген эмеректердин чаң баскан абалда сакталуусуна карата да сын айтылып, мектептин мүлкүн, инвентарларына дайым аяр мамиле кылууга чакырды. Ал мындай маанилүү объекттеги бардык деталдар – сапат, коопсуздук, жана таза, иреттүү абал – чоң жоопкерчилик экенин баса белгилеп өттү.

Ошондой эле, өкүл учурда 45%га бүткөн 90 орундуу бала бакчанын курулуш иштери менен да таанышып, аны өз убагында - 2025-жылдын ноябрь айында бүтүрүү тапшырмасын берип, курулуштун сапатына дайыма көз салуу зарылдыгын белгиледи.