24 апрель 2025
Кароолор: 25
ПРЕЗИДЕНТТИН НАРЫН ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮ А.К. ЭРГЕШОВ АК-ТАЛАА РАЙОНУНА ИШ САПАРЫ МЕНЕН БАРДЫ

2025-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов иш сапары менен Ак-Талаа районуна барды. Сапардын алкагында ал бир катар социалдык жана өндүрүштүк объектилердин абалы менен таанышып, жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды өткөрдү.
Иш сапар Ак-Тал айылынан башталып, ал жерден А.Турдакунов атындагы орто мектептин жана бала бакчанын курулуш иштери менен таанышты. Курулуштардын жүрүшү тууралуу маалыматты район акими Жумадилла Жапаров жана Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Давид Курманов беришти.
Андан соң өкүл Баетов айылына барып, бул айыл өкмөтүнүн аймагындагы кой жүнүн кайра иштетүүчү ишкана, мал базар жана мал союучу цехтин ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты. Жергиликтүү жетекчилик тарабынан бул объекттердин учурдагы абалы тууралуу маалымат берилди. Мындан тышкары, өкүл Баетов жана Кайынды-Булак айылынын жашоочулары менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн жана сунуштарын укту.
Жолугушуудан кийин Баетов айылындагы майыптыгы бар балдарды социалдаштыруу максатында иш алып барып жаткан инклюзивдүү мектептин шарты менен таанышты.
Кийинки багыт Кара-Бүргөн айылы болуп, анда сүттү кайра иштетүүчү ишкананын долбоору каралды. Андан кийин айылдын эли менен да пикир алышуу уюштурулду.
Сапардын акыркы этабы Ала-Буга айыл өкмөтүнүн аймагындагы Чолок-Кайың айылында уланды. Өкүл бул жерден сафлор майын өндүрүүчү ишкананын курулуш иштери менен таанышып, Чолок-Кайың жана Коңорчок айылдарынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү.
Иш сапардын негизги максаты — райондогу инфраструктуралык долбоорлордун жана өндүрүш объекттеринин абалы менен жеринен таанышуу, социалдык-экономикалык маселелерди талкуулоо жана элдин суроо-талаптарын угуу болду.