11 август 2025

Кароолор: 17

ПРЕЗИДЕНТТИН ТУРУКТАШТЫРУУ ФОНДУ ТАРАБЫНАН НАРЫНГА ЖАҢЫ ТЕХНИКАЛАР АЛЫНЫП БЕРИЛДИ

Бүгүн, 11-августта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Нарынга иш сапары менен келип, курулуп жаткан курулуштар менен таанышып, Президенттин Турукташтыруу фонду тарабынан Нарын районунун айыл өкмөттөрүнө жаңы алынып берилген техникалардын ачкычтарын тапшырды.

Фондун эсебинен ар бир айыл өкмөтүнүн муниципалдык ишканаларынын материалдык жана техникалык базасын чыңдоо үчүн 70 млн сом бөлүнүп, бул каражатка 10 даана атайын жана айыл чарба техникалары алынган.

Мындан сырткары “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен сатылып алынган жалпы наркы 41 миллион 240 миң 860 сомду түзгөн кошумча техникалар да бул иш чаранын алкагында ээлерине тапшырылды.

Маалымат үчүн айтып өтсөк, дал ушундай эле техникалар үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Ак-Талаа районуна алынып берилерин Камчыбек Кыдыршаевич билдирди.