01 июль 2025

Кароолор: 9

ПРЕЗИДЕНТТИН ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮ АЛГАЧКЫ ИШ САПАРЫН АК-ТАЛАА РАЙОНУНАН БАШТАДЫ

Бүгүн, 2025-жылдын 1-июлунда, Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров аймактарга алкачкы иш сапарын Ак-Талаа районунан баштады.

Иш сапардын алкагында Нарын – Баетов жолунун курулушун, Баетов айылындагы жүндү кайра иштетүүчү ишкана, мал базар жана мал союучу жайлардын абалы менен таанышты.

Андан соң акталаалыктарды коомдук кабылдамада кабыл алып бир катар көйгөйлөрүн укту. Облус башчы улам-улам келип эл менен жолугуп, көйгөйлөрдү чечүү боюнча иш алып барарын айтты.