31 май 2025

Кароолор: 13

РАСМИЙ ДЕЛЕГАЦИЯ “ХАН-ТЕҢГРИ” МЕЙМАНКАНАСЫНЫН РЕКОНСТРУКЦИЯЛЫК ЖУМУШТАРЫ ЖАНА “КУЛАНАК ГЭС” КУРУЛУШУ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

2025-жылдын 31-майында Россия Федерациясынын Президентинин башкармалыгынын чет өлкөлөр менен аймак аралык жана маданий байланыштар башкармалыгынын начальниги  Игорь Маслов баштаган делегация Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында инвестициялык долбоорлордун курулушу боюнча таанышты.

Бүгүн Нарын шаарындагы “Хан-Теңгри” мейманкана комплексинин реконструкциясын каржылоо боюнча меморандумга кол коюлду. Бул долбоор Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланууда. Фонд башкармасынын төрагасы Артём Новиков жана мейманкананын ээси Таалай Карпеков 171 миң АКШ долларына насыя берүү боюнча макулдашууга жетишти. 2010-жылы курулган мейманкана бүгүнкү күндө капиталдык оңдоого муктаж, реконструкция иштери быйылкы жылдын июль айында жыйынтыкталмакчы.

Экинчи иш-чарада делегация “Куланак” ГЭСинин курулуш аянтына барып, аткарылып жаткан иштер менен таанышты. Нарын өндүрүштүк ишканасынын аткаруучу директору Кубанычбек Аваз уулунун маалыматына ылайык, долбоордун баштапкы наркы 118 млн доллар болсо, учурда кошумча каражаттарды эске алуу менен жалпы суммасы 128 млн долларды түзүүдө. Анын ичинен 88 млн доллар Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана Евразия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланууда.

ГЭС курулушунда азыркы учурда 600дөй жумушчу эмгектенүүдө, жайкы мезгилде алардын саны 1200гө жетет. Дамба 60% бүткөрүлүп, деривациялык каналдын жер иштери 70% аяктап калды, курулуштун башка бөлүктөрүндө да активдүү иштер жүрүп жатат.

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артём Новиков бул ГЭС фонддун Нарын облусундагы эң ири долбоору экенин белгилеп, 2026-жылдын аягында курулушу толук бүткөрүлүп, 2027-жылдын башында пайдаланууга берилерин билдирди.

“Куланак ГЭС курулушу аяктап ишке кирсе өлкөнүн электр энергиясынын 20 пайызын камсыздайт. Бул Президентибиз Садыр Жапаров койгон тапшырмага ылайык, энергетикалык көз карандысыздыккажетүү жолундагы чоң кадам”, — деп кошумчалады ал.

Фонд бүгүнкү күндө жалпы 3 575 долбоорду каржылаган, анын ичинен Нарын облусу боюнча 94 долбоор 95 млн доллар өлчөмүндө каржыланган.