17 апрель 2025
Кароолор: 28
РЕСПУБЛИКАЛЫК КОМАНДА-ШТАБДЫК МАШЫГУУЛАРДЫН ЭКИНЧИ КҮН УЛАНУУДА

Граждандык коргонуу жана өзгөчө кырдаалдарды жөнгө салуу багытындагы республикалык деңгээлдеги команда-штабдык машыгуулар экинчи күн катары менен уланууда.
Машыгуулар Кыргыз Республикасынын Президенти — Жарандык коргонуу башчысы Садыр Жапаров тарабынан 2025-жылдын 17-февралында №54 Жарлыгы менен бекитилген “2025-жылга карата Кыргыз Республикасынын жарандык коргонууга даярдык планынын” негизинде өтүп жатат.
Машыгуунун негизги максаты — жарандык коргонуу жана өзгөчө кырдаалдарды жөнгө салуу боюнча мамлекеттик кызматтардын табигый кырсыктар учурунда аракеттенүүгө даярдыгын текшерүү, мамлекеттик кызматтардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу.
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, генерал-майор Урматбек Шамыркановдун маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын январь айынан бери республиканын аймагында күчү 2,5тен 5 баллга чейин жеткен 1550дөн ашуун жер титирөө катталган.
Республикалык команда-штабдык машыгууда Нарын облусунда шарттуу түрдө 7 баллдык жер титирөө болгон кырдаал каралууда. Нускамаларга ылайык, бардык жарандык коргонуу түзүмдөрү: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Ички иштер министрлиги, саламаттыкты сактоо, энергетика, коммуналдык тейлөө жана башка ведомстволор дароо ишке киришти. Бардык аракеттер алдын ала иштелип чыккан алгоритмдер боюнча аткарылууда.
Машыгууда имараттардын урашы, маанилүү инфраструктуранын ишинде үзгүлтүккө учурашы, калкты эвакуациялоо, издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү, биринчи медициналык жардам көрсөтүү жана жабыркагандарга гуманитардык жардам жеткирүү сыяктуу ыктымалдуу кырдаалдар моделдештирилүүдө.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Нарын облусундагы райондук мамлекеттик администрация башчыларынан, Нарын шаарынын мэриясынан, ошондой эле чектеш жайгашкан облустардын жетекчиликтеринен аймактарындагы кырдаал боюнча жана даярдык деңгээли тууралуу маалыматтарды алып жатат. Өзгөчө көңүл маалымат берүү ылдамдыгына, башкаруунун туруктуулугуна жана өзгөчө кырдаал шарттарында ведомстволор аралык аракеттердин натыйжалуулугуна бурулууда.